Көп берилүүчү суроолор
- Жалпы маалымат
- «Айлыкка чейин» кредити
- «Кийин төлө» кредиттик линиясы
- Samsung Knox
«Акча Булак» МККсынан кандай кредиттерди тариздесе болот?
«Акча Булак» МККдан кандай кредиттерди алса болот?
· «Айлыкка чейин» кредити
Кредит 1 000 сомдон 14 000 сомго чейин 7 жана 14 күнгө берилет.
· «Кийин төлө» кредиттик линиясы
Кызмат 10 000 сомго чейин 7 күнгө пайызсыз, комиссиясыз жана үйдөн чыкпай туруп кредит алууга мүмкүндүк берет. Алынган сумманы «Кийин төлө» боюнча өнөктөштөр тармагында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн колдонсо болот.
· Бөлүп төлөөгө Samsung
Бардык O!Store дүкөндөрүндө Samsung смартфонун сатып алууга кредит. Бөлүп төлөө мөөнөтү – 12 айга чейин, максималдуу жеткиликтүү сумма – баштапкы төлөмдү эсепке албаганда 40 000 сом.
Кредитти кимдер ала алат?
«Акча Булак» МККсында азыркы учурда мөөнөтүнөн өтүп кеткен карызы жок Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 70 жашка чейинки жарандары.Кредитти алуу үчүн кайсы документтер керек?
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту гана керек.Кредиттин мөөнөтүн кантип узартса болот?
«Кийин төлө» жана «Айлыкка чейин» кредиттеринин гана мөөнөтүн узартууга болот.
Кантип узартуу керек?
1. «Мой О!» тиркемеси аркылуу.
· «Мой О!» тиркемесин ачыңыз → «Кредит 14 000 сомго чейин»/«Азыр сатып ал, кийин төлө» тандаңыз.
· Кредитти тандап, «Узартуу» баскычын басыңыз.
· Узартуу мөөнөтүн тандап, «Улантуу» баскычын басыңыз.
2. О! терминалдары аркылуу
· «Банктар жана финкызматтар» бөлүмүнө өтүңүз → «Акча Булак» МКК» → «Акча Булак кредитти узартуу».
· Кредиттик келишимдин номерин киргизиңиз.
· Узартуу мөөнөтүн тандап, «Узартуу» баскычын басыңыз.
Кредиттин мөөнөтүн канча жолу узартса болот?
Кредитти узартуу мүмкүндүгү кредиттик рейтингге жараша болот. Эгерде рейтинг начарласа, кредитти узартуу мүмкүн эмес.Кредитти кантип төлөсө болот?
1. «О!Деньги» капчыгы аркылуу
Биринчи ыкмасы:
· «Мой О!» тиркемесин ачыңыз → «О!Деньги».
· Алгач «Акча Булак» бөлүмүнө, андан соң «Учурдагы Кредит» бөлүмүнө өтүңүз.
· «Төлөө» баскычын басыңыз.
Экинчи ыкмасы:
· «Мой О!» тиркемесин ачыңыз→ «О!Деньги».
· «Төлөм» бөлүмүнө өтүңүз → «Акча Булак кредитти төлөө».
· Кредит келишиминин номерин териңиз.
· «Төлөө» баскычын басыңыз.
2. О! терминалдары аркылуу
· «Банктар жана фин.кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз → «Акча Булак» → «Акча Булак кредитти төлөө».
· Кредиттин номерин териңиз.
· Купюра кабыл алгычка керектүү сумманы салып, төлөмдү ырастаңыз.
Кредитти качан төлөө зарыл?
Кредит берилген мөөнөт аяктаганга чейин.Бир нече кредитти тариздесе болобу?
Ооба, шарттары кредиттин түрүнө жараша болот:
«Айлыкка чейин» — бир эле учурда эки кредитке чейин алса болот.
«Кийин төлө» — жеткиликтүү лимиттин алкагында бир нече сатып алууну тариздесе болот.
«Акча Булак» МККсынын кредиттери кредиттик бюрого өткөрүлүп берилеби?
Ооба, алынган кредит тууралуу маалымат кредиттик бюрого өткөрүлүп берилет.Кредитти өз убагында төлөбөй калсам эмне болот?
Мөөнөтүнөн өткөрүлгөн ар бир күн үчүн Тарифтерге ылайык туумдар жана пайыздар чегерилет, ал эми мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүү тууралуу маалымат кредиттик бюрого өткөрүлүп берилет. Эгерде кредитти өз убагында төлөй албай жатсаңыз, кредитти узартууну тариздеңиз.Кредитти жактырууга канча убакыт кетет?
«Айлыкка чейин» жана «Кийин төлө» кредиттерин жактыруу процесси 5 мүнөттөй убакытты талап кылат.Кредитти алууга өтүнмөнү качан берсе болот?
Күн сайын 08:00дөн 23:45ке чейин (дем алышсыз).Дагы суроолорум бар. Кайсыл жакка кайрылсам болот?
Колдоо кызматынын телефону: +996 702 000 405. Сизге кубануу менен жардам беребиз!