Алдамчылык учурлары көбөйүүдө — сак болуңуз
Урматтуу кардарлар!
Акыркы убакта алдамчылык учурлары көбөйүүдө. Шылуундар кардарлардын маалыматтарын алуу аракеттерин көп жасап жатышат. Андыктан сак болуп, жеке маалыматтарыңызды, SMS’теги коддорду, сыр сөздөрдү жана реквизиттерди бейтааныш адамдарга эч качан билдирбеңиз.
SMS-код — бул сиздин санариптик жеке кол тамгаңыз. Алдамчылар бул кодго ээ болуп, сиздин атыңызга кредит тариздей алышат. Ал эми кредитти төлөө боюнча милдеттенмелер сиздин мойнуңузда калат.
Шылуундар төмөнкү мекемелердин кызматкерлеринин атын жамынып, сизге чалышы же жазышы мүмкүн:
- «Акча Булак» МКК» ЖЧКнын;
- банктын же мобилдик оператордун;
- коммуналдык кызматтардын;
- укук коргоо органдарынын же мамлекеттик мекемелердин.
Алар сизди ар түрдүү шылтоо менен жеке маалыматтарыңызды айттырганга ынандырып аракет кылышат.
Эгерде сиз кокустан кодду берип салсаңыз же шылуундарга алданып калдым деп шектенсеңиз:
- 0700 000 999 номери аркылуу колдоо кызматы менен байланышыңыз.
- укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
Маанилүү! «Акча Булак» МКК» ЖЧКнын кызматкерлери SMS-коддорду, сыр сөздөрдү жана башка купуя маалыматтарды эч качан телефон аркылуу сурабайт.
Урматтоо менен,
«Акча Булак» МКК» ЖЧКнын командасы.